super.kg logo

Новокузнецкте 20 жылдан бери дайынсыз болуп жүргөн кыргыз жаранын Ооган согушунда жасалган татуировкадан таанып табышты

 

20 жылдан бери дайынсыз болуп жүргөн кыргыз жараны Юлдашвай Базаровду Ооган согушунда жасалган татуировка аркылуу Орусиянын Новокузнецк шаарынан табышты. Бул тууралуу “Московский комсомолец” билдирет.

Маалым болгондой, Ооган согушунун ардагери жана учурда Новокузнецктин жашоочусу Андрей Мясоедов кызын көрүү үчүн 29-ооруканага келип, Базаровдун төшүндөгү жана ийининдеги татуировкаларды көрүп, алар Ооган согушунда жасалганын эстеген.

Ал Базаровдун кыргыз жергесинен экенин, бирок 2015-жылдын октябрь айында баш сөөгү жабыркап ооруканага түшкөнүн жана мындан улам эс тутумун жоготконун билип жардам берүүнү ойлоп, кыргыз жергесинде жашаган бир полктук досторуна кайрылган. Көп өтпөй Базаровдун жээни байланышка чыгып, таякеси 20 жылдан бери дайыны жок болуп жатканын билдирген. Учурда Юлдашвай Базаров өз мекенине кайтып келип, сүрөттөн апасы менен бир тууган агаларын тааныган. Тилекке каршы, алардын көзү өтүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
14.03.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх окунучтуу (оздугун билип кайтып келгени жакшы.
14.03.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Табылганы жакшы болуптур
14.03.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татуировка да пайдасы тиет экен да.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-15 11:30:50
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: