super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасына Анкарадагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты

 

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасына Исмаил Кахраманга көптөгөн адамдардын курмандыктары менен коштолгон Анкара шаарындагы террордук актыга байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Улуу даражалуу боордошум Исмаил Кахраман мырза!

2016-жылдын 13-мартында Анкара шаарында орун алган ырайымсыз террордук актыдан улам бейкүнөө жарандар арасында көптөгөн адамдык курмандыктар жана жарадар болгондору жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүүлүк менен айыптайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан, каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду билдирем, жапа чеккендердин тез сакайып кетишин каалаймын",- деп айтылат төраганын жолдогон катында.

Эскерте кетсек, 13-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:45 чамасында Анкарадагы аялдамада жардыруу болду. Кырсыктан 34 адам каза таап, 125тей адам жаракат алганы, 19 адам оор абалда экени жарыяланды.

Быйыл 17-февралда да Анкара шаарында катуу жардыруу болгон. Анда 30дай адам каза болуп, 60тайы жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: