Бишкекте Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

17-мартта Бишкекте Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдеши орун алат. Мелдешке кыргыз балбандарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандары катышмакчы.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, анда уландар арасында 6 салмакта (60 килограмм салмакта, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг жана 100 килограммдан жогорку салмакта) жана кыз-келиндер арасында 5 салмакта (55 кг, 60 кг, 70 кг, 75 кг жана 75 килограммдан жогорку салмакта) жеңүүчүлөр аныкталат.
Мелдештин жалпы байге фонду 630 миң сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.