super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Анкарадагы жардыруунун натыйжасында жарандардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтканын президенттик аппараттан 14-мартта кабарлашты.

"Анкара шаарынын борборунда, Кызылай районунда ишке ашырылган адамгерчиликке сыйбаган теракттын натыйжасында көп курмандыктар жана жабыркагандар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын эли Анкарада болгон терактты чечкиндүүлүк менен айыптайт жана бир тууган түрк элинин азасын тең бөлүшөт",- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалаарын билдирди.

Эскерте кетсек, 13-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:45 чамасында Анкарадагы аялдамада жардыруу болду. Кырсыктан 34 адам каза таап, 125тей адам жаракат алганы, 19 адам оор абалда экени жарыяланды.

Быйыл 17-февралда да Анкара шаарында чоң жардыруу болгон. Анда 30дай адам каза болуп, 60тайы жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: