super.kg logo

13-мартта Анкарада болгон жардыруудан кыргыз жарандары жабыр тартышкан жок

 

13-мартта Анкарада болгон жардыруудан кыргыз жарандары жабыр тартышкан жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

"Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин билдиргени боюнча, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында кыргыз жарандары жок",- дейт Сүйөркулов.

Ал эми Анкарадагы кыргыз жарандары тынымсыз жардыруудан шаардагы коомдук жайларда жүрүү кооптуу болуп жатканын кабарлап, социалдык тармактарда зарыл иш жок болсо, сыртка чыкпоону сунушташууда. Ошондой эле кыргыз студенттеринин бири жардыруулар кайталанса, кыргыз жарандары өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушарын айтты.

Эске салсак, Анкарада автобустун аялдамасында көп адамдар чогулган маалда жарылуучу зат коюлган унаа жарылып, 34 адам каза болуп, 125 адам жабыр тарткан.

Жардырууну түндүк африкалык "Ислам Магрибидеги Аль-Каида" уюму моюнуна алганын "Корреспондент.нет" басылмасы жазып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.03.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кайсы бир жерден "Кыямат Турциядан башталат" деп окуган элем. Аллахым баарыбызга туура динин насип кылсын. Ар турдуу балеелерден сактасын!!
14.03.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллага шугур жок эле болсунчу алакандай кыргызым бар,жарымыбыз чет жакта иштейбиз уйлорубузго ата -небиздин жанына аман эсен баралы
14.03.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздеда чала молдолор бар даарат албай кемшиндеп доодурошот ошолорду жок кылып тазаласа жакшы болот эле Кудайым озу сактасын жамандыкты аары кылсын
15.03.2016. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кагылайын калкым бирообуз дагы жапа чекпейличи. Кайда болсок дагы алтындай мекенибизге аман эсен баралы!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: