super.kg logo

2016-окуу жылына карата радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун бөлүктөрүн даярдоо башталды

 

2016-окуу жылына карата радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун бөлүктөрүн даярдоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк-батыш аймактарында жайгашкан Башкы штабдын аскер бөлүктөрүнүн окуу борборлорунун базасында өткөрүлүп, ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын кошуундары менен бөлүктөрүндөгү радиациялык жана химиялык чалгындоонун штаттан тышкаркы бөлүктөрү жана штаттан тышкаркы от чачыратуучу бөлүктөрү катышууда.

Талаа жыйындарын өткөрүүнүн максаты - күч ведомстволорунун бөлүктөрүнүн өздүк курамдарында багытына жараша тапшырмаларды аткаруусунун көндүмдөр менен жөндөмдүүлүк аракеттерин жөнгө салуу жана жакшыртуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: