super.kg logo
  Саясат  

Быйыл өлкөдө миңдей мектеп интернетке кошулмакчы

 

Республикада быйыл "Акылдуу мектеп" программасынын алкагында 1000дей мектеп интернетке кошулат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевге шилтеме берүү менен өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт жетекчиси заман чакырыктары күчөп, билим берүүнүн сапаты актуалдуу темага айланганын айтты. "Электрондук билим берүүгө өткөндөн кийин ар бир окуучу планшет менен камсыздалат. Муну менен окуучу убактысынын 60 пайызын үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Бул максатка бюджеттен каражат каралган, 2016-жылы миңдей мектепти интернетке кошобуз. Кийинки жылы калган мектептерди кошуу пландалууда",- дейт Сариев.

Изилдөөлөргө ылайык, окуучу убактысынын 12 пайызын материалды окууга, 30 пайызын китеп издөөгө, 30 пайызы китептерди барактоого, калган убактысы көчүрүп жазууга кетери аныкталганын кошумчалады премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: