super.kg logo

Бир жума дайынсыз болуп, кийин табылган эки курбунун бири чоң энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин айтып берди

 

Өткөн жумада Бишкек шаарынын тургундары Айжан Суранбекова менен анын курбусу Мээрим Мырзабекова 7-8 күндөй дайынсыз болуп, кийин өздөрү кайтып келишкен. Эки курбунун бири Айжан чоң энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин айтканын SUPER.KG'ге күч органдарындагы ишенимдүү булактарыбыз билдиришти. Кыздар милицияга кайда жүрүшкөнүн айтып беришип, ата-энелери менен бирге үйлөрүнө жиберилген.

"Ленин РИИБине борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин эки студенти ата-энесинин коштоосунда келип кетишти. Эки саат убакыт аралыгында кыздар кайда жана эмне кылып жүргөндөрүн айтып беришти. Бир жума бою элди дүрбөлөңгө салып, дайынсыз жоголгон курбу кыздардын бири Айжан үйүнөн кеткен күнү чоң энеси экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, ал таарынып кетип калганын айтты. Эки курбу Ысык-Көл облусуна кетип калгандан кийин өздөрү изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтарды окуп, эмне кылышарын билбей калышкан. Жакындарынан коркуп, телефондорун улам күйгүзүп, кайра өчүрүп турушкандарын да кошумчалашты. Курбуларды жакындары издеп, милицияга арыз жазгандарын уккандан кийин алар шаарга кайтып келишип, кыздардын бири агасына СМС жазып, коркуп жатканын билдирген. Кийин аны агасы алып кетип, кыздар үйлөрүнө кайтып барышкан. Кыздар жана алардын жакындары менен сүйлөшүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргөн соң, алар үйлөрүнө коё берилди", - деп билдирди булак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
16.03.2016. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тата уландын ырында эенесине таарынгандай болуптур да "Билем билем дедин" дегендей болуп. Озу кылгандары туура эмес чон энеси жаман бол дебейт да. Канча адам санаа тартып ойлонду жакындары чуть инфаркт болоюн дешсе керек оюна ар нерсе келип
16.03.2016. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Шылтоосун дегеле
16.03.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Колдо ким менен журушуптур.чон энеси мени куноолоп коё бер дедида шерменде болбой.
16.03.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Таарынса Ташкентке кетип калбаптыр да.Чон энесине таарынат имиш элдер чон энесин коргонго зар болуп атышатго.
16.03.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кандай бул акылсыз кыздар? Кыздар соо эмес тарбиялуу кыздар эч качан бироону коркутуп 7-8 кун уйго келбей койбойт.
16.03.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы эмееес.
16.03.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бул жакшы корунуш эмес
16.03.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошончо кетипсиңер келбей эле койбопсуңарда!кетеерде ата-энеңер жөнүндө ойлоп койбодуңарбы?чоң энеңе эмнеге таарынасын ал да болсо силерди жаман болсун дебейт!(беекылыктанып жүрсөңөр урушатда)
16.03.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздар кыздар ата энени,чон энени барында сыйлап баркын билели анан кеч болуп калат!
16.03.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мээлерине суук тийгенго.....
16.03.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироосу мейли энесине таарыныптыр.Экинчисине не жок.Эл дурбосо эшек кошо дурбойт болуптурго
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-16 12:18:08
16.03.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскасы эсен эле болушсун да
16.03.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин комментарийлерим эмнеге жок?
16.03.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigittin_gulu, саламатсызбы!
Сиз кайсыл жакка, кандай билдирүү жаздыңыз эле?
16.03.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отмазкасын карап кой, жок дегенде ушунун баарына Бакиев кунолуу дебептир да
16.03.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jake.402, Государство төлөп берген деппи ? )))
16.03.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба дешсе болот кимдир бироолор барар жери жок суукта эшикте калып бутун ушук алдырып журсо. ушундай кыска ойлогон адамдарды айылга алпарып олло кетмен чаптырыш керек чон эне тээги жакындарынын кадырын билип калышат!
16.03.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээнбаштык тайыз ойлонгон акылсыздык
кийин балдарынан көрбөсөк экен
17.03.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары тушунуктуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: