super.kg logo
  Саясат  

Текебаев: “Энергетика экономиканы өнүктүрүүдөгү артыкчылык болбой, тескерисинче, тоскоолдукка айланды”

 

Бишкекте 15-мартта “Кыргыз Республикасынын электр энергетикасы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев экономиканы өнүктүрүүдө инвесторлорду кызыктыруучу артыкчылык: арзан эмгек күчү, либералдуу мыйзамдар жана арзан электр кубаты экенин белгилеп, бирок аталган артыкчылыктар, тескерисинче, тоскоолдукка айланганын билдирди. Депутат, биринчиден, электр энергиясынын дефицити чоң экенин, экинчиден, натыйжасыз пайдалануу болуп жатканын, үчүнчүдөн, энергетика тармагында ири коррупция жатканын белгиледи.

Талкууда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорундагы терминдерге так аныктама берүү керектигин белгилешсе, энергетика тармагындагы эксперттер электр кубатынын керектөөчүгө жеткирүүдөгү ортомчу компаниялардын ишмердүүлүгүн сындап, коррупциялык жагдайлар, тариф саясаты жана башка маселелерге өз сунуштарын беришти. Айрым эксперттер учурдагы ГЭСтер жана ЖЭБдерди модернизациялоо менен муктаждыктарды жабууга болорун айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: