super.kg logo

УКМКнын эки кызматкеринин террордук топтун өкүлү болгондугу аныкталды

 

УКМКнын 2 кызматкеринин террордук топтун өкүлү экендиги аныкталып, кармалды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 25-мартта ЖКнын коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин  парламенттик жыйынында өкмөттүн алдындагы каржылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Мэлис Мамбетжанов билдирди. Маалым болгондой, аталган 2 адамды банктан телефон чалуу аркылуу табышкан. “Алардын эсебине террористтик уюмдан акча каражаты которулган.  Мындан улам билинип калышты”,- деди Мамбетжанов.  Ал ушул себептен улам Кыргызстандын жана чет мамлекеттик укук коргоо органдарынын ушул сыяктуу кылмыштарды изилдеп, бетин ачуу үчүн жалпы мамлекеттик аналитикалык маалыматтык базаны түзүү керек экендигин белгиледи. Бирок анын мындай сунушуна КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков каршы чыгып, мындай кадам карапайым адамдарды мажбурлоого алып бара турганын айтты. “Террорчу болушу мүмкүн болгон адамдар тууралуу жөнөкөй адамдарда маалымат болсо, аны кааласа да, каалабаса да айтышы зарыл болуп калат”,- деди Исаков.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: