super.kg logo

"Google", "Apple", "Facebook", "Twitter" жана башка белгилүү компаниялардын кызматкерлери тамактанган жайлар (фото)

 

Тамактануу - адам өмүрүндөгү маанилүү учур. Айрыкча жумуш учурунда даамдуу тамактануу кызматкердин иштөө жөндөмдүүлүгүн жана маанайын көтөрөрү анык. Белгилүү компаниялар "ийгиликке жетүүнүн жолу - кызматкерлердин ашказаны аркылуу" деген принципти карманышат сыяктуу. Себеби дүйнөгө белгилүү компаниялардын башкы кеңселериндеги тамактануучу жайлар дүйнөдөгү эң мыкты делген ресторандардан ашса ашат, бирок кем калбайт. Төмөндө атактуу компаниялардын кызматкерлери бекер тамактанган ашкана жана андагы тамак-аштардын сүрөттөр топтомдору.

"Google" компаниясынын борбордук кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Андагы кызматкерлерге "Hemispheres" кафесинде 3 маал түрдүү тамак берилет. Тамактануу учурунда терезеден Манхэттендин керемет көрүнүшүн көрүүгө болот. Бул кафе тууралуу интернетте "иштеген жумушуңдан көңүл калышын кааласаң, "Google`да" иштеген досуң менен ал тамактанган кафеге бар" деген пикирлер айтылат.

"Apple" компаниясынын штаб-квартирасы Купертино шаарында жайгашкан (АКШ, Калифорния). Анын негизги ашканасы "Caffè Macs" деп аталып, тамактары бекер. Мексика, италиялыктардын, япон, испан, француз ашканасы жана фастфуд бар. Меню дайыма жаңыланып турат.

"Facebook" жакында эле Калифорниянын Менло-Парк шаарчасынан жаңы башкы кеңселүү болду. Кеңсенин кызматкерлери "Epic Cafe" деген кафеде 3 маал тамактана алышат. Америка жана Азия элдеринин ашканасы бар. Тамакты үйгө бекер алып кетсе да болот, ал эми кеңсенин коноктору үчүн арзандатуулар каралган.

"Twitter`дин" башкы кеңсеси Сан-Франциско (АКШ, Калифорния) шаарында жайгашкан. Бул жердин кызматкерлери да бекер тамактана алышат. Менюдагы тамактар түрдүү хештег жана ысымдар менен берилет. Мисалы, #comfort food, #tenderloin, @birdfeeder...

"Dropbox" компаниясынын штаб-квартирасы да Сан-Франциско (АКШ, Калифорния) шаарында жайгашкан. Андагы кафетерий "Tuck Shop" деп аталып, 400 чарчы метрге жакын аянтты ээлейт. Анда дүйүм тамактан чектөөсүз алса болот. Компания дүйнөнүн мыкты ресторандарында иштеп келген ашпозчуларын өзгөчө баалайт.

"AdMе.ru`нун" штаб-квартирасы Казань шаарында жайгашкан. Мына ушул жайда даамдуу тамактанып, дүйнөнү кызыктуу кылууга аракет кылышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.03.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шилекейм куюлуп кетти
16.03.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аппетит ойгонду бирдеме жеш керек эми.
16.03.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде да иштеген жерибизден бекер тамак берилсе жакшы болот эле
16.03.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул тамактарды наны жок жейт окшойт,аа мен болсо нан менен кара чай ичип алдым курсакты кампайтып.Тамактардын эн улуусу НАН.
16.03.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушундай кооз корунгону менен озубуздун тамактардын даамына келбейт. Алар жалан импорт болгон полуфабрикаттардан жана тондурулган продуктулардан жасалат.Биздин аш же самсы беш бармактын даамына жетпейт. Андыктан суктануунун деле кереги жок.
16.03.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
обедди ошол жактан кылып келсемби
16.03.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба демейдегидей.мен суктанган жокмун.тоюмдуу да болбосо к к деп ойлойм.бизге окшоп камыр беш бармак палоо жегенге не жетсин..алар ошол тамакка конгон ошого да.анан кайсы продукт кайсы м н айкалышаарын билишет мумкун медицина боюнча туура тамактанышаар.ошонусу м н он маани калтырбаса бащкасы супер деле эмес..
16.03.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Андан коро оштун самсасын жеп алсан жакшы бирок тамактанган жайына соз жок экен )))
16.03.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышык этке жетпей сасык экен дегенден кылыпсынарго.
16.03.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менин болсо Google, Apple, га барып иштегим келип кетти :)) кызык жатаканасы жок бекен а )))
16.03.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага Google компаниясыныкы аябай жакты )
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: