super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мээрбек Мискенбаев: "Темир Сариевдин өкмөтү май айына чейин жашай албайт"

 

"Премьер-министр Темир Сариевдин өкмөтү 2016-жылдын май айына чейин жашай албайт". Мындай пикирин бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди.

Анын айтымында, Т.Сариевдин өкмөтү Данияр Үсөновдун өкмөтүнө салыштырмалуу начар иштеп жатат. "Электр энергиясына болгон тарифтин 1,5 сомго чейин көтөрүлгөнү эсиңердеби? Ал эми азыркы өкмөт 2 сом 16 тыйынга чейин кымбаттатканы жатат. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы "август айына чейин тарифтер кымбаттабайт" дейт, бирок өкмөт август айына чейин эмес, майга чейин жашай албайт",- деди депутат.

Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев жыйында энергетикага байланыштуу маселелерди гана көтөрүү керектигин айтып, Мискенбаевди сабырдуу болууга чакырды.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-мартта да Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында депутат М.Мискенбаев Т.Сариевдин өкмөтүн сынга алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: