Сокулукта эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бири бычактан алган жаракаттарынан улам каза болду
Сокулук районунда эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бири бычактан алган жаракаттарынан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 13-март күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын №1-ооруканасына бир нече бычак жаракаттары менен 21 жаштагы Ж.Н. аттуу Сокулук районунун тургуну келип түшкөн. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Учкун айылынын 19 жаштагы Н.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү да бычактан алган жаракаттарынан Сокулук районунун аймактык ооруканасында жатат. Териштирүү иштеринин алкагында эки жаран уруштан улам бычакташып кеткени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
temirov76

16.03.2016. 09:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз эмне эле болуп баратабыз,такыр эле ыйман качтыбы бизден?
konsilium

16.03.2016. 10:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне кыргызстанда ушуга окшогон гладиаторлор кобойуп кетти ыя.бул кетиште биз кайда баратабыз.Кудай пенделерине ыйман бере кор.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.