super.kg logo

Бишкекте жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочу табыла элек

 

Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочу табыла элек. Аны издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бычактап туруп изин жашырып кеткен экинчи айдоочуну издөө иштери 25-февралдан бери жүрүүдө. "Окуя болгон күндөн бери аталган айдоочуну издөө иштери тынымсыз жүрүүдө. Азырынча ал табыла элек",- деди Казабаев.

Эске салсак, 25-февраль күнү саат 15:30 чамасында Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап, изин суутуп кеткен. Бычактан жаракат алган айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.03.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жини келген экен бычактаган айдоочунун, кээ бир айдоочулар чын эле ушундай жинге тийет, бычактап салгын эле келет
16.03.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбодум, бычактаган айдоочуну таба албагандары кандай? Эмне ал айдоочу машинасын да которо качыптырбы? Машинанын номеринен эле таап алышчу эле го.
16.03.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал бычакталган айдоочу да мен иштеген ооруканага жатып.толук айыкбай чыгып кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: