super.kg logo

Бишкекте 11 жаштагы кызын сабаган жаранга кылмыш иши козголду, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

 

Бишкекте 11 жаштагы кызын сабаган жаранга кылмыш иши козголду, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Октябрь райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга борбордогу №3-балдар ооруканасына атасы тарабынан сабалган кыз келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп, анын алкагында 45 жаштагы С.Н. аттуу жаран 11 жаштагы Н.А. аттуу кызын сабап койгону аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилген. Бул факт боюнча кечээ, 15-мартта Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кызын сабаган жаранга карата "жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо" беренеси менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.03.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мм адам олтургонго уч жыл беришет да,кызын тарбиялаганга эки жыл беришет экен да ээ.эми бул жерде женил залал келтирген дептир демек бир аз тарбиялаган болсо керек да.Балдарыбызды да каттуу айтып демелей албай калат окшойбуз.Ушундай нерселерге таянып балдарыбыз саал туура эмес жака отуп бараткан жокпу?Мына кечээ эле чон энеси жемелесе эле талаалап кетип калышты.Бизди кичине кезибизде чыбык менен жакшы эле когала кылып сабап коюшчу андан эч нерсе болгон эмеспиз.
16.03.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
konsilium,бара бара орустун балдарына окшоп менин укугум деп чыгышат да балдар
16.03.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарды коргош керек туура бирок
Өкүнүчтүүсү болбогон нерсеге иш козгоп андан башкасын тыйып албайбы. Мен абдан кооптонуп жатам келечеке балдарды ушундай болбогонболбогон нерсеге көндүрсөк каяша айткандан татпай калаткоо деп
Мени деле уруп сабачу наразылыгым жок кубанычтамын ошондой кылганына анткени тентек болчумун . Коркуп көп нерседен тыйылдым .
19.03.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бизди ата энебиз сабаса деле эчнерсе болбой эле чонойдукго, ата эне баласын жаман болсун дебейтда, тарбиялайм деп сабашы мумкун. Эми жаш балдарга табылбай эле калдыго ата энеси урушуп койсо эле арызданып....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: