super.kg logo

Нооруз-2016. Бишкектин көптөгөн аймактарында чакан концерттер, спорттук мелдештер, сүмөлөк ооз тийгизүү иш-чаралары өтөт

 

21-Март - Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы бир катар иш-чараларды уюштурат. Майрамдык иш-чаралар 19-мартта башталат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

19-март, 20-март

- Саат 10:00. Бишкектин Билим берүү башкармалыгы билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн иш-чара уюштурат;

- 20-мартта саат 18:00дө Ак-Тилек жаңы конушунда тургундарга сүмөлөк ооз тийгизилет.

21-март

- Саат 10:00дөн 13:30га чейин "Ала-Тоо" аянтында театрлаштырылган иш-чара жана чакан концерт өтөт;

- Саат 11:30дан 17:00гө чейин эски аянтта спорттук иш-чаралар, концерт жана ИИМдин дипломатиялык корпусунун катышуусунда көргөзмө орун алат;

Буга катар 21-мартта Бишкектин райондук администрациялары тарабынан уюштурулган иш-чараларга күбө болууга мүмкүн.

Биринчи Май районунда

- Саат 11:00дө №61-мектептин алдында маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт;

- Саат 13:00дө Щербаков, Көлмө, Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында массалык маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Анда жаш таланттардын катышуусунда чакан концерт, кичи футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер орун алат.

- 21-мартта саат 10:00дө Кара-Жыгач багында жана Бакай-Ата конушунда орто мектептин жана музыкалык мектептердин окуучулары жергиликтүү тургундарга чакан концерт тартуулашат;

- Эне-Сай конушунда саат 10:30дан 13:30га чейин Нооруз белгиленет;

- Учкун жаңы конушунда саат 11:30да жергиликтүү аксакалдардын катышуусундагы иш-чарада сүмөлөк таратылып, концерт коюлат;

- Саат 11:00дөн 14:00гө чейинки аралыкта Дордой жана Дордой-2 конуштарында концерт, улуттук оюндар боюнча мелдештер жана майрамдык түштөнүү болот;

- Саат 12:00дөн 15:00гө чейин Келечек конушунда №87-мектепте концерт жана спорттук мелдештер болот.

Свердлов районунда

- 19-20-март күндөрү саат 14:00дө Свердлов районунда №16-мектептин аймагында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт.

Ленин районунда

- Саат 14:00дөн 17:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында майрамдык иш-чара болот. Ошондой эле бул райондо "Жаз - Нооруз-2016" балдар сынагы уюштурулат. Буга катар спорттук иш-чараларды, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү көрүүгө болот;

- Саат 11:00дө Арча-Бешик конушунда тургундарга улуттук тамактар тартылат;

- Саат 12:00дө "Манас" кинотеатрынын алдында улуттук тамактар тартылат;

- Саат 14:00дө Ак-Ордо конушунда майрамдык иш-чаралар уюштурулат;

Октябрь районунда

- 19-20-мартта “Сейтек” лицейинде, Асанбай жана Көк-Жар кичи райондорунда кичи футбол жана баскетбол боюнча мелдештер өтөт;

- Саат 14:00дөн 16:00гө чейин Ататүрк атындагы сейил багында "Нооруз-2016" деген аталыштагы концерт өтөт. Концертке балдар музыкалык мектептеринин тарбиялануучулары жана “Таберик” ансамблинин таланттары өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Буга катар мастер-класстар, асфальтка сүрөт тартуу, спорттук мелдештер орун алат;

- Балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын арасында “Ыр кесе” болот. Ошондой эле "Менин талантым сен үчүн, Кыргызстан" фестивалынын райондук туру өтөт;

- Мектептерде дил баян жана сүрөт сынактары, ачык сабактар, бий сынактары өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: