super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Мартта берилчү жаңы автоунаа номурларынан дайын жок... Ишкер аялы менен балдарын үйүнө киргизбей жатат...

 

Бүгүн, 16-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Өлкөдө автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар качан берилери белгисиз. 2015-жылдын декабрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик номурлар жаңыланарын жарыялап, аракеттер башталганын маалымдаган эле. Мекеме сунуштаган үлгү жактырылып, аны бекитүүгө премьер-министр Темир Сариев буйрук чыгарган. "Жаңы номурлар 2016-жылдын мартында бериле баштайт, даярдалып бүттү" деп билдиришкен расмий органдар.

Март ортолоп калганы менен, жаңы номурлардан азырынча кабар жок. Мамкаттоо кызматынан бүгүн, 16-мартта так жооп билдире алышпады. Тийиштүү компания менен келишим түзүлгөнү, бардык процедуралар бүтсө берилип баштай турганы тууралуу гана жооп узатылды...

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кийинки жыйынында электр энергиясынын тарифтери боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Комитеттин акыркы жыйынында "Электр энергиясын импорттоо болбой жатса деле эмнеге элди 2 сом 16 тыйындан төлөтүп жатасыңар?" деген суроого өкмөт өкүлдөрү так жооп айта алышкан эмес. Депутаттар свет үчүн карапайым эл негизсиз чыгым болуп жатканын айтышып, тарифтерди кайра карап чыгууну сунушташты...

Белгилей кетсек, 2 сом 16 тыйын деген тариф мурунку жылдары Казакстандан электр энергиясын сатып алып жаткан маалда коюлган. "Электр энергиясын сатып алып жатабыз, ошого светтин баасы көтөрүлдү" дешкен. 2015-жылдын октябрынан бери сырттан электр энергиясын сатып алуу боло элек, бирок тарифтер өзгөрүүсүз калууда.

Бишкекте бүгүн, 16-мартта чуулуу ишкердин үй-бүлөлүк чырына байланыштуу жаңы жагдайлар ачылды. Тагыраагы, ишкер Нарынбек Сариев жубайын 3 баласы менен үйүнө киргизбей жатканын айтып жубайы Анара Сариева SUPER.KG порталына кайрылды. "Кароолчуга "келсе киргизбегиле" деп дайындап коюптур. Жолдошум көрүнгөн шылтоону айтып, менин үстүмдөн иш козгото албай жатат",- дейт жубайы.

Белгилей кетсек, ишкер Нарынбек Сариев аялынын үстүнөн Октябрь РИИБине арыз менен кайрылганын айткан. Анда аялы белгисиз бир адамдын коштоосунда үйүнө кирип сейфтеги документтерди уурдап кеткенин маалымдаган эле. Райондук милиция маалыматты четке кагып, "документ уурдоо фактысы боюнча ишкер арыз жазган эмес" деп билдирди.

Өкмөт жол кырсыктарын азайтуу, "ала таякты" тоготпос айдоочуларды тизгиндөөгө дагы бир аракет баштаганы жатат. Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов эми эреже бузгандарга ыкчам чара көрүлөрүн билдирди.

Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилди. Эми жол кыймылын Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлору көзөмөлдөшөт. Алардын көкүрөгүнө (кийимине) 8 саат тынымсыз иштөөгө жөндөмдүү видеокамералар тагылат. Жаңы орган 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилип, 1-июлдан баштап аймактарда иштеп баштамакчы. Өзгөрүү канчалык жыйынтык берерин убакыт көрсөтөт.

Алмазбек Атамбаев Ош шаарына иш сапары менен барды. Суу тосмонун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы жергиликтүү тургундарды элди бөлгөн адамдарга азгырылбоого чакырды.

"Кыргыздар бөлүнгөн эмес, бузукуларга ишенбегиле. Ош шаары менен кыргыздар сыймыктанат. Кээ бир адамдар кан төгүлгөн сайын акча табышат. Аларга келечек, ынтымактын кереги жок, байлык гана керек. Эмдиги жылы президенттиктен кеткенден кийин айылымда калам. Кудайга шүгүр, Кудай бизге жардам берип жатат. Апрель айындагы окуяны туура нукта чагылдыра албай жатабыз. Ал окуя Аксыдан башталган. Силер көп нерсе билбейсиңер, жакында баарын көрсөтөбүз",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
16.03.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакында баарын корсотот имиш мурдараак кайда журду эмне кылып журду...?
16.03.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Апрель окуясы. Ал эми июнь окуясычы? Июнь окусына туздон туз тиешениз бар урматтуу АША! Бул окуяны келечекте биздин неберелер тарыхтан гана окуй алышат.
16.03.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
jibew,тарыхта дагы хандар, анча мынча факттарды бурмалап, озгортуп койгондор болсон. Мунун колунда бийлик турат. АША жон эле озгортуп коет го...
17.03.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
B.B.Sadykov,тарых эми өзгөрбөсө керек. Себеби дүйнөлүк видео порталдар, жаздырып калган видеоматериалдар калат да .
16.03.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ХХХ... экенго...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-17 09:52:01
17.03.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.95 - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги, мазактаган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
16.03.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийликтен кеткенден кийин чукулат ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-17 09:55:27
17.03.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitpaaim - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо, сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
16.03.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарын уйуно киргизбей жаткан адам,адамбы? Мен балам учун уй эмес жанымы берууго даярмын!Аюу да коргойт мамалагын,ушул айбанча кантип болбодун.Аялыныз экоонуздордун урушунар учун балдарын уйго киралбай калышы бул сиз кайсы денгээлдеги адам экенинизди айтып турат.
16.03.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу super.kg Мамонт жөнүндө кабар бербей калдыңыздар.. Эмне болду?
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2016-03-16 23:59:11
17.03.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-17 09:58:24
17.03.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_3 - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Abdyrashit.Satylganov - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.
16.03.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нарынбек Сариев кандай адам озу? Озунун уй булосун кара чечекей балдарын кочодо калтырган адамдан кандай жакшылык кутсо болот?
17.03.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
gulmira96,башканын үй бүлөсү мага караңгы түн. Аялы ар жерге барып жар салып жатса, ал да жүрөт да өзү келет деп.
17.03.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окмоттун озун сотко бериш керек карапайым элден ашыкча акча толоткону учун светке
17.03.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охооо уйу особняк гооо, олсо еки метр кебез мн кетет, балдарын киргизбеген кандай адам
17.03.2016. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АША ушинтип дооруй берет, баарын корсотом деп. 7-апрельдеги окуя боюнча "7 снайперди кармадык" деп айткан видеосу бар... кана ана ошол снайперлер? бул элди малга окшотуп эле алдап журот да ар жерде ар кандай суйлоп, Таластыктар эл эмессинер, Нарындыктар койсунар деп. эл башчы да ушундай болобу.. ажо деген акылман, токтоо болуш керек опколонбой!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: