super.kg logo

Ош шаарында каршы тилкеге чыгып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканадан каза тапты

 
Сүрөттөрдү кечээ,15-мартта окуя болгон жерден окурман жиберген.

Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө кечээ, 15-мартта айдоочу сүзүп кеткен жөө жүрүүчү 1 сааттан кийин каза болуп калды. Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну ур-токмокко алууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузуки Лиана үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу каршы тилкеге чыгып, жол боюнда турган 2-3 аялды сүзүп кете жаздаган. Катуу келаткан унааны көргөн аялдар качууга үлгүрүп, алардын бири жетишпей калган. Катуу соккудан улам жабырлануучу 10 метрдей аралыкка учуп барып кулаган. Аял ооруканага жеткирилип, оор жаракаттардан улам 1 сааттан кийин көз жумган. Анын артында бир кызы жана уулу калганы маалым болду.

"Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну сабаганга аракет кылган. Териштирүү иштеринин алкагында айдоочу таңга маал Бишкектен келип, уктабай жүргөнү аныкталган. Ал кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.03.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кырсыктардан Кудай озу сактасын шаардын ичинде ушундай катуу айдайбы.таанышы коп коросунор жинди деген спрафка алат.
16.03.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акчасын алып уй камагына чыгарбай жазалаш керек 6 полоса жолдо каршы тилкеге чыгып куйундабай акырын журбойбу
16.03.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катуу чара коруш керек адам олуп атпайбы
17.03.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitpaaim,эч нерсе болбойт
17.03.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч неисе болбойт
17.03.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектен келгиче катуу айдап адреналинге кирип кеткенго, жаман иш болуптур, кырсык да, калган өмүрүн балдарына берсин.
17.03.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш балдары.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: