Бактардын артына жашынып унаа тоскон кайгуул-милициясынын кызматкерлерине чара көрүлөт

“Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери эми бактардын артына жашынып туруп иш алып барышпайт”,- деди бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов. Анын айтымында, ар бир кызматкерге атайын маршруттар бекитилген. Бактын артына жашынып унаа тосушкан болсо, чара көрүлөт.
“Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери аларга бөлүнгөн жол тилкесин иретке келтирүү менен алек болушат. Ал жерде унаа тыгындарын болтурбоо, жол эрежелери бузулуп же кырсык болсо, ошону карашат. Учурда Бишкек шаары менен Чүй облусу кызматтык унаалар менен камсыздалган. Мындан тышкары 12 жеке унаа келишимдин негизинде ишке тартылган. Алар менен инспекторлор жумушка чыгышса болот. Бирок унаа сөзсүз түрдө токтоого уруксат болгон жерде туруп, аба ырайы жаман болгон учурда гана инспектор ичине кирип протокол түзө алат. Мындан тышкары кызматтык эмес унаа менен мыйзам бузуучунун аркасынан кубалоого тыюу салынган”,- деди орун басар.

Откондо мен поликлиникадан чыгып эле сплошной полядан бурулуп кетип баратсам жанымда эле ГАИ турганын корбой калыптырмын кичинекей кызым менен элем. Правамды алып койду. -Байке мен шашып эле бурулуп кеттим кечирип койгула больницага шашып жаттым эле десем, такыр конбоду. Кутуп отурсам бир убакта пратакол алып келаткан, корсо кечирип правамды кайра бергени келатыптыр. Аябай жиндеп колумду сунсам правам экен, суйунуп кеттим! -Экинчи жолу кечирбейм деп.