Ош шаарында "боюнан алдыруу үчүн 5500 сом талап кылган" деген шек менен жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери кармалды
Ош шаарында "боюнан алдыруу үчүн 5500 сом талап кылган" деген шек менен жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери боюнан алдыруу үчүн көп суммадагы акча талап кылып жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жеке менчик клиникада иштеген Ош шаардык төрөт үйүнүн бөлүмдөрүнүн биринин башчысы 5500 сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Жеке менчик клиниканын кызматкери каалаганын сурайт. Мамлекеттик болсо бир жөн.
10 сомго маршрут менен, 150 сомго такси менен дегендей.
Андан коро боюнан алдыра турган адамды суракка алгыла.
Менчик клиниканы эмнеге карматыптыр арзан дегенго
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.