super.kg logo

Бишкекте Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 101 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт

 

Эртең, 17-мартта Улуттук китепканада кыргыз элинин улуу классик акыны Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 101 жылдыгына арналган поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.

Маалым болгондой, Алыкул Осмоновдун музейинде өтүүчү поэзия кечесине Бишкек шаарындагы
А.Осмонов атындагы орто мектептин окуучулары, №3-кесиптик лицейдин студенттери, жаш акындар, акындын талантын сыйлаган окурмандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Айта кетсек, кыргыз адабиятынын классиги, акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Кыргыз Республикасынын азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажыраган Алыкул Осмонов 5 жашынан Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө (1920-1929-жылдары) тарбияланат. 1936-жылга чейин "Чабуул" журналынын, "Ленинчил жаш" гезитинин редакцияларында иштеп, чыгармачылыкка багыт алган.

Алгачкы ыры 1930-жылы жарыяланса, 1935-жылы "Таңдагы ырлар" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы басылып чыккан. Чыгармачылыгынын урунттуу учурун айгинелеген "Махабат" жыйнагы (1945-жылы) жана өмүрүнүн акыркы беш жылында жарык көргөн "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Балдар үчүн", "Менин жерим – ырдын жери", "Жаңы ырлар" жана башка ырлар жыйнактары кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: