ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарына өлкө башчысынын келгендигине байланыштуу шаардагы дүкөндөр жабылып, жол кыймылына чектөөлөр киргизилди





Бүгүн, 16-мартта Ош шаарына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин келгендигине байланыштуу шаарда дүкөндөр жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Коомдук унаалар да жүрбөй, эл жол боюнда терезелери караңгылатылган унаалар өтүп жатканын карап турду. Каатчылык маалында минтип дүкөндөрбүздүн жабылышы соодабызга терс таасирин тийгизет экен",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактаган билдирүүгө тыюу салынат.
а Сүйүн Өмүрзаковго эмне жок дейм да обед квлганы келсе дагы дайым эки МАИ жүрөт мигалкасын жагып,кафеге кирип кеткиче жол тосулат!
Абдылда айткандай азыркы бийликти урдумда кол койдум!
Жеке айтышууларга, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.