super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Алина Жетигенованын "Кыздын сыры" ырына тартылган ретро клип азыркыга чейин популярдуулугун жогото элек

 

SUPER.КG порталынын "Видеоклиптер" бөлүмүндө бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпогон ретро клиптер бар. Алардын бири - 1990-жылдардагы хит ыр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова аткарган "Кыздын сыры" ырынын клиби. Кыздардын эч кимге айта албаган сыры тууралуу чыгарманын азыр да күйөрмандары көп.

Клип 1993-жылы "Мир" студиясы тарабынан тартылган. Тартуучу топтун жетекчиси - Азамат Имашов. Ошол кезде клиптердин көбү тоодо же гүлдөрдүн арасында тартылганы белгилүү. Ал эми бул клип башкалардан өзгөчөлөнөт. Популярдуу болгон клипти тартуу идеясы кимге таандык экенин сурап ырчынын өзүнө кайрылдык.

"Ал кезде бири-бирине окшош клиптер көп тартылчу. Андыктан кызыктуу кылып тартуу үчүн Мерген Турган экөөбүз ушул клиптин идеясын ойлоп таптык. Мээнетибиздин акыбети кайтып, клип көпчүлүктүн купулуна толду. Жадакалса Орусиянын да бир нече шаарларында көрсөтүлгөн. Ийгилик, популярдуулук алып келген бул клиптен кийин мындай клип тарта алган жокмун",- дейт А.Жетигенова.

Алина Жетигенованын "Кыздын сыры" ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
17.03.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында сонун ыр мыкты клип.
17.03.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коргон сайын коргум келет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: