super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү менен башталды

 

Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйыны Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү менен башталды. Төраганын орун басары Нурбек Алимбековдун айтымында, аталган датага байланыштуу окуя орун алган Боспиек айылында жана Бишкек шаарында куран окутулуп, бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышмакчы.

Айта кетсек, бүгүн, 17-мартта эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду. Тагыраак айтканда, аталган окуя 2002-жылы катталган. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: