Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоону артка жылдыруу демилгеси өтпөй калды
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында депутаттар Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоону артка жылдырууну сунушташты. Маселенин тактай турган жагдайлары бар экенин айткан депутаттар бир аптага токтото турууну, мындан эч нерсе өзгөрүп кетпесин белгилешти. Эсептөө палатасы аудиторлорсуз бош калганын айтышып, сунушка каршы чыккандар дагы болду.
Сунуш добушка коюлуп, маселени артка жылдыруу демилгеси өтпөй калды. 39 депутат "макул", 45 депутат "каршы" деп добуш берди.
Маселе бүгүн парламент жыйынында каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

