super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, жадакалса шейшеп да таза болот. Бишкектин таза болушу үчүн эмне кыла аласыңар?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бишкек таза болуш үчүн эмне кыла аласыңар?" деген тема кызуу талкууланууда.

"Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, жадакалса шейшеп да таза болот. Кыргыз жеринде мыйзамдын жоктугу өкүндүрөт. Мисалы, Орусияда аялдамада тамеки чексең айып салынат. Атайын тамеки чекчү жайга барып чегип келесиң. Аялдамада, сейил бакта, коомдук жайда чеккениңди полиция кызматкерлери көрүп калышса, камап салышат. Мына ушуга окшогон мыйзам керек. Ал эми кыргыз өлкөсүндө "штраф" деп жазып, маңдайында асылып турган жерге таштанды төгүшөт. Айта берсең сөз көп. Ар бирибиз тазалыкты өзүбүздөн баштасак жыйынтык берет деп ишенем",- дейт форумчулардын бири.

Башка колдонуучу: "Таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруш керек жана адамдардын өзүн көчөдө алып жүрүү маданиятын өстүрбөсө жыйынтык чыкпайт. Ар бири туш тарапка таштанды таштай берсе, анан кантип таза шаар кура алабыз?"- дейт.

Дагы бир колдонуучу: "Көчөдөгү, арыктагы таштандылар өзүнөн-өзү пайда болбойт же асмандан түшпөйт. Сүйлөгөндө тилибиз буудай кууруйт, бул жерде "Кантебиз?" деп жазып отурсак, ким тазалайт эле? "Патриотпуз" дешет көбү, көчөдөгү бир кагазды алып коюштан уялып, көрмөксөн болуп өтүп кетишет. А ушундай эле патриоттукту көрсөткүңөр келсе, жаштар, тазалап баштагыла, жаз да келди. Автор, өзүңүз бир нерсе кылдыңызбы?"- деген билдирүү калтырган.

Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө.

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
17.03.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар бир адам өзүнөн башташ керек, анан бала чакасына, досторуна коомдук жайда жада калса автоунаадан таштанды ыргыткан адамдарга айтуу керек. коомдук тазалыктын сакталышын ар бир жараан колго алса мына ошондо Кыргызстанда тазалык болот.
17.03.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштандыны кайра иштетуучу завод курулуш керек биринчиден.Экинчиден ар ким озуно тиешелуу жерлерди таза кармоо менен башкаларга улгу болуш керек. Бишкектеги парктар жаштардын колунда, эмнеге дегенде парктардагы элдин кобун жаштар тузот.Ошондуктан жаштарга айтат элем ,отурган жерлерибизди таза кармайлы.булгабайлы.Сен таза болсон,мен таза болсом ,коом таза болот.
17.03.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдон мусор корсом тазалап отом дегенден алысмын. Бирок эч качан озумдон калган мейли пакет болобу мейли салфетка болобу жолго таштабайм, урна кормойунчо колумда кармап журо берем. Мен Бишкектин таза болушу учун ошону гана кыла алам :)
17.03.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкасын билбеймго бирок "сен таза болсон мен таза болсом шейшепда таза болот"деген жери жакты )) хаа хааа
17.03.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раззаков атабыздын созун да бурмалай баштадынарбы суперстан. Шейшеп деген создун эмне кереги бар бул жерге кошуп. Шейшеп жонундо отдельный тема ачпайсынарбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: