super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз жеринде эң көп күйөрман чогулткан 5 стадиондогу эсеп такталары (фотолор)

 

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) ай сайын жаңылануучу рейтингинде улуттук курамабыз жакын арада алдынкы 100дүккө кирүү алдында турат (албетте, Тажикстан курамасы менен жакшы жыйынтык көрсөткөн соң гана). Башка көрсөткүчтөрдү эсепке албаганда деле рейтинг Футбол федерациясына алдыга жылууга шык берип турары анык.

Бирок учурда эл аралык мелдештерге катышып жаткан улуттук курамага көбүрөөк көңүл бурулуп, өлкө чемпиондугу экинчи планда калып жатканы сыр эмес. SUPER.KG порталы бул жагдайга мисал жана далил катары төмөндөгү макаланы сунуштайт.

Макалада өлкө аймагында эң көп эл чогулткан, байма-бай оюндарды кабыл алып турган 5 стадиондогу эсеп такталарын (табло) көрсөтүп бермекчибиз.

Футбол федерациясынын карамагындагы Футбол борбору

Жайгашкан шаары: Бишкек
Талаа ээси: "Алга" футболдук клубу, түрдүү курактагы улуттук курамалар, кыз-келиндер курамасы

"Центральный" стадиону

Жайгашкан шаары: Кант
Талаа ээси: "Абдыш-Ата", "Наше пиво", "Живое пиво"

"Дордой" спорткомплекси

Жайгашкан шаары: Бишкек
Команда: "Дордой"

Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион

Жайгашкан шаары: Ош
Талаа ээси: "Алай"

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион

Жайгашкан шаары: Бишкек
Талаа ээси: Түрдүү курактагы улуттук курамалар

Футбол федерациясынын алдындагы Футболдук Лиганын өкүлдөрүнө байланышып, "Мелдештин жобосу жана талаптардын катарында заманбап такта коюлушу керек деген талап барбы?" деген суроо салдык. Суроого төмөнкүдөй жооп беришти:

"Негизи, мелдештин жобосунда такта алмаштыруу керек деген талап жазылган эмес. Футболдук клубдарга бул боюнча эскертүүлөр берилип келет. Каражат маселесинин тартыштыгынан улам айрым футболдук клубдар майдандагы такталарга көңүл бурмак тургай, форманын акчасынан кутула албай жатышат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
17.03.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоон экран коюлса Долон Омурзаков стадионуна ошол жакшы болмок ФЦ дин таблосу кантет тукурчу эле киши жок да Абдыш Ата деле жакшы бай фирма нормальный табло коюп койсо болмок казактар оло шшылдындашты эле
17.03.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биринчи суроттогу таблосу кантет??
18.03.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максим бакиев Тоттенхемдин стадионунан түшкөн 50% акчасын алат...андан көрү биздин клубтарды карап нетсе болотле мурун албетте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: