Жогорку Кеңеш Сокулуктагы Жыламыш айылына Жангарач аталышын кайтарып берүүнү колдоду
Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айыл аймагынын Жыламыш айылына өзүнүн тарыхый Жангарач аталышы кайтарылып берилет. Тиешелүү демилгени бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңеш жактырды.
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаевдин айтымында, Борбордук архивде сакталган документтер Чүй облусунун Сокулук районунун Жыламыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач деп аталганын, кийин Чапаев айылына, андан кийин Жыламыш айылы деп өзгөртүлгөнүн тастыктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

