Сингапур шаары үчүнчү ирет "Дүйнөдөгү эң кымбат шаар" деп аталды
Сингапур шаары 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча "жашоо үчүн эң кымбат шаар" макамын үчүнчү ирет алды. Мындай жыйынтыкты британиялык "The Economist" басылмасы чыгарган. Рейтингге жалпы 133 шаар кирген. Экинчи орунда Цюрих (Швейцария), үчүнчү орунда Гонконг шаары турат. Алдынкы бештикте Женева, Париж шаарлары да бар.
Москва шаары мурда жашоо үчүн кымбат 100 шаардын катарына кирген болсо, бул ирет рубль курсунун төмөндөшүнөн улам 113-орунга түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

ошондойго