Бишкек. 10 мамлекеттин катышуусундагы алыш күрөшү боюнча мелдеште 3 кыргыз кызы алтын медаль тагынды (фоторепортаж)






















Бүгүн, 17-мартта Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдеши болду. Мелдешке кыргыз балбандарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандары катышты.
Мелдеште кыз-келиндер арасында 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. 3 салмакта кыргыз кыздары жеңүүчү аталса, 3 салмакта түркмөнстандыктар алтын медалдарды тагынышты.
Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык Гран-при мелдешинин бардык жеңүүчүлөрү:
55 килограмм салмакта - Анара Рыскулова (Кыргыз Республикасы)
60 кг - Маарим Момунова (Кыргыз Республикасы)
65 кг - Динара Хашиева (Түркмөнстан)
70 кг - Рано Узакова (Түркмөнстан)
75 кг - Шахан Мухаммедова (Түркмөнстан)
+75 кг - Нагира Сарбашова (Кыргыз Республикасы)

Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/142019/