Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 кыз кармалды
Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы М.А. аттуу кыз кайрылган. Ал "Алкан" базарынан саат 13:30 чамасында белгисиз эки кыз жынсы шымын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 17 жаштагы Р.Ю. жана А.Н. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Уят
Негизи уят да шым уурдаган. Эх өкүнүчтүү .