super.kg logo

Башкы прокуратуранын имаратына кирүүгө аракет кылган мас абалдагы жаран кармалды

 

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине баш ийбей, бейбаштык фактысы менен шектелген адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду. Муну 18-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-март күнү саат 17:35 чамасында милицияга "Башкы прокуратуранын короосунда мас абалында белгисиз адам тынчтык бербей, эшигинин алдынан кетпей жатат" деген билдирүү түшкөн. Кызматкерлер окуя болгон жерге барышып, Бишкек шаарынын 44 жаштагы З.Е. аттуу тургунун кармашкан. Ал милиция кызматкерлерине баш бербей, имараттын ичине кирип кеткенге аракет кылган. Мас адамды Октябрь РИИБине киргизип жаткан маалда аймактык күзөт бөлүмүнүн Дэу Нексия үлгүсүндөгү кызматтык унаасынын сол терезесин сындырып салган.

Ал адамга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: