super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында коопсуздук үчүн орнотулган тосмого студенттерди 280 сомдон чогултууга мажбурлоодо

 

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттердин коопсуздугу үчүн орнотулган тосмого 280 сомдон чогултууга мажбурлоодо. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бул тосмолор окуу жайдын эсебинен орнотулушу керек болчу, бирок ал ишке кире элек тосмого ар бир студенттен 280 сомдон акча алууда. Жылдан-жылга окуу үчүн төлөм кымбаттоодо, бирок окутуучулардын эмгек акылары ошол эле бойдон. Калтырылган ар бир сабакка студенттерди 57 сомдон төлөтүшөт. Эч кандай көрүнүктүү оңдоо иштери жүрө элек, окуу жайдын жетекчилиги окутуучуларды өз каражаттарына оңдотууга мажбурлашат. Бул эле эмес, окуу жайда кандайдыр бир иш-чара уюштурулуп калса, ага да акча чогулткула деп чыгышат. Биз канчага чейин унчукпай, чыдашыбыз керек?!"- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.03.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар аябай кооп кетишти . Акчам да тутпой кетти кошумча 50 мин контракт. Уят сыйды жыйыштырып коюшту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: