super.kg logo

Былтыр I жарым жылдыкта Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон

 

Былтыр I жарым жылдыкта Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жетекчиси Эльвира Ниязбекова жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, шаарда көрнөк-жарнак илген компаниялар алардын бөлүмгө келип тексттерин текшертишпейт.

"Бизде көйгөйлүү маселелердин бири - көрнөк-жарнактардагы тил маселеси. Жарнама департаменти иштеп турганда алар жарнактардын тексттеринин эскиздерин бизге көрсөтүп, анан чыгарышчу. Департамент былтыр жоюлгандан бери буга байланыштуу маселе курчуду. Мисалы, 2014-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 662 кайрылуу түшүп, кыргыз тилине которууда көмөк көрсөтүлсө, былтыр кайрылгандардын саны 292ни гана түзүп калды. Мунун айынан борбордо илинген көрнөк-жарнактардын көбү мыйзамдарды одоно бузуу менен илинип калууда",- деди адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.03.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айып пул салып , бир эрежеге салыш керек баарын. Биринчи кыргыз тилинде жазып, артынан башка тилде жазыш керек. Бишкекте кээ бир жерлеринде , чет өлкөдө жүргөндөй. Ошту да тазалаш керек француз тилинен. Көчөлөрдүн аттарын да өзгөртүш керек.
18.03.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туптура кылышат кыргыз тилде ьолсун
18.03.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Ош шаарындагы кочолордун аты жада калса парктын атыда маданият уйуду лолулордун цыгандардын атынан койулган кочодода Кыргызча эле койуп койсо коймок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: