super.kg logo

Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде болгон массалык мушташтын катышуучуларынын бирине карата кылмыш иши козголду

 

Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын биринде болгон массалык мушташтан жабыр тарткан жарандардын туугандары 16-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Октябрь РИИБинин кызматкерлери эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатканын айтып даттанышкан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 18-март күнү SUPER.KG порталына азыркы тапта аталган факт боюнча бир адам кармалып, ага карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми калган балдардын өздүгүн аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканы айтылды.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 24-декабрь күнү С.Марат, Ж.Тилек, Ч.Нурсултан, А.Кутман аттуу жарандар арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Алар 24-февраль күнү саат түнкү 3:00 чамасында Бишкектеги эс алуучу жайынын жанынан белгисиз адамдар аларды сабашканын билдиришкен. Факт боюнча териштирүү иштери жүрүп, мушташтын кесепетинен жабырлануучулар бир катар жаракаттарды алгандыгы үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Н.Ч., М.С., Т.Ж. аттуу жарандардын алган жаракаттары “жеңил зыян” катары бааланып, А.К. аттуу жарандын жаракаттары “орточо жаракат” деп бааланып чыккан.

Аталган фактыга шектүү катары 28-декабрь күнү У.А. аттуу жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө Э.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалган, бирок жабыр тарткандар кармалган жарандын массалык мушташка тиешеси жок экенин билдиришкен.

Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Жазгүл Кенжалиева жана башка кызматкерлер келип, бирок аталган жай алардын аймактык бөлүмүнө тийиштиги жок экенин айтып кетип калышкан. Бул боюнча жабырлануучу А.Кутмандын апасы ИИМдин Коопсуздук кызматына арыз менен кайрылган. Ал жактан “Биринчи Май жана Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес” деген жыйынтык чыгарып беришкенин жабырлануучу тараптын жактоочусу Майрамбек Жумабеков билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.03.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арбайтып бул баланы неге урушту экен ? Удар көтөрө ала турганын урса болмок экен.
18.03.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саяк журсон таяк жейсин. Тунку саат 3то кочодо суутуп коюптурбу?
18.03.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туну саат 3то буларга суутуп коюптурбу
18.03.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зарыл ишиң болбосо түнкү 3 тө эмне бар?
18.03.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирип койгула бирок биринчи баланын турун коруп кулуп жибердим))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: