super.kg logo

Эки буту ампутацияланган Элмиранын протез кийип басууга мүмкүнчүлүгү бар

 

Эки буту ампутацияланган Элмира Гимазитдинова Оштогу "Боорукердик" жатак-үйүнө жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Гүлзина Раева билдирди.

Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Жим көчөсүнүн 8-үйүнүн 8-батиринин тургуну, Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 1991-жылдын 24-июлунда туулган Элмира Гимазитдинова менен жолугуп, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Дарыгердин айтуусуна караганда, Элмиранын ден соолугу жакшы, жараатынын бүтүшүнө аз калган. Анын өздүгүн тастыктаган паспорту бир тууган иниси Чолпонбек Рашит уулунан алынган.

"Батирдин санитардык абалы талапка жооп бербейт, жамгыр жааган мезгилде батирдин чатырынан суу агат, капиталдык оңдоону талап кылат. Элмиранын эжеси Гүлзия Гимазитдинова 1986-жылы туулган, II топтогу майып, 2500 сом өлчөмүндө жөлөк пул Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан чегерилип, бүгүнкү күндө алып жатат. Агасы Ришат Гимазитдинов эч жерде иштебейт. Бул үй-бүлөдө жалгыз эле Элмиранын 1993-жылы туулган иниси Рашит уулу Чолпонбек базарда бирөөнүн жүгүн түшүрүп иштейт. Күнүнө 200-300 сом өлчөмүндө акча таап, тапкан акчасы эч нерсеге жетпегендигинен кошуналары материалдык жактан жардам беришет. Атасы Рашит Гимазитдинов 2005-жылы, апасы Зинакан Өмүралиева 2011-жылы каза болгон. Изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгында Элмира Гимазитдинованын үй-бүлөсү материалдык колдоого муктаж экени аныкталды",- дейт Гүлзина Раева.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Элмира мурун эле психикалык жактан жабыркап, тиешелүү ооруканадан дарыланып, II топтогу майыптыкка чыгып, 2012-2014-жылдары 1500 сом жөлөк пул алып жүрүп, бирок мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жөлөк пул чегерилбей калганын кабарлады.

"Бүгүнкү күндө Элмиранын майыптыгы Ош шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан кайрадан такталууда. Социалдык кызматкерлер мөөнөтсүз 1-топтогу майыптыкка чыгарышты. Учурда оор абалын, жардамга өтө муктаж экенин баса белгилеп, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен материалдык жардам берүүнү сунуштадык. Эгер туугандары каршы болушпаса, "Боорукердик" жатак-үйүнө жайгаштырабыз. Анан үйүнүн чатырын оңдоп-түзөп беребиз. Элмиранын буттарына протез кийип басканга мүмкүнчүлүгү бар экен",- дейт Раева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
18.03.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журок ооруйтго окуп алып.
18.03.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах сабыр берген болсун.баардык бир туугандарына ден соолук куч кубат берсин иншаАллах.
18.03.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info жаматы силерге чооон рахмат

18.03.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй-интернатка эле жайгаштырганы жакшыго дейм, иниси эрте кетип кеч келсе, эжеси да майып экен, агасы кантип карамак эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: