Кыргыз-өзбек чек арасы: "Бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай, чек арачыларыбыз өзбек аскерлерин бир чакырым алыстыкта аңдып турушат" деди активист







Бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Жергиликтүү активист Камчыбек уулу Шекербектин SUPER.KG порталына билдиргени боюнча, учурда маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатат.
“Ала-Бука районунун такталбаган чек арасына бүгүн, 18-мартта саат 08:00 чамасында өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны токтотуп, көзөмөл пунктун уюштуруп алышкан. Биздин чек арачылар азыркы тапта өзбек аскерлерин чек арадан бир чакырым алыстыкта аңдып турушат.
Буга чейин чек ара маселесин тактоо боюнча митингдерди уюштуруп, маселени чечип берүү талабын койгонбуз. Бирок бийлик спорт менен машыгып жүргөн балдар аркылуу бизди таркатканга аракет кылган. Ошондуктан бүгүнкү күндө ушундай кырдаал жаралып жатат”,- деди активист.
Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту

жатат. Мен чыдабай жатам. Жогоркулар
кантип чыдап жатышат. Же аларда намыс
деген нерсе жокпу.
оппозиция деги эле митинг деп эле элди болуп жаргандан башканы билбейт,бир куну туштук озбекстанга тундук казакстанга отуп кетет анан коробуз президент кайда барат оппозиция кайда барат ,дагы эле баягы карапайым калк калат экиге болунуп
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Провокацияга жол берилбейт! 10 күндөн БАНга!