super.kg logo
  Спорт  

2 оюнда кыргыз футболчуларын ута албаган Иордания курамасын "Тоттенхэмдин" мурунку машыктыруучусу Харри Реднапп машыктырат

 

Футбол боюнча Иордания курамасы англиялык адис Харри Реднапп менен келишим түздү. Реднапп аталган кураманы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун кийинки баскычында жетектемекчи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин иорданиялык футболчуларды бельгиялык Пол Пут машыктырып келген. Анын жетекчилиги астында Иордания Бишкекте кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калган.

Кошумчалай кетсек, тандоо турунда "В" тайпасында Иордания курамасы Австралиядан кийинки орунду ээлеп, 2-орунда атын жазып келүүдө. Алар 24-мартта Бангладеш курамасы менен, 29-мартта Австралия менен беттешмекчи.

Харри Реднапп буга чейин "Куинз Парк Рейнжерс", "Вест Хэм", "Саутгемптон" жана "Тоттенхэм" сыяктуу англиялык командаларды машыктырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.03.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат бүгүн ЛЧ 2015/16 жеребьевка болот деп жаттын эле эмне болуптур? ким, ким менен 1/4 финалында кездешет?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: