Бишкек милициясы: "Имараттын кыштары басып калып каза болгон куруучунун иши териштирилип жатат"
Бишкек шаарында жаңыдан салынып жаткан имараттардын биринин кыштары кулап, анын алдында калып каза болгон куруучунун ишин Биринчи Май РИИБи териштирип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 18-март күнү билдирди.
Маалым болгондой, окуя кечээ саат 17:30 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Анда 42 жаштагы Б.А. аттуу жумушчу иштеп жаткан маалда үстүнө дубалдын кышы кулап кеткен. Ага тийиштүү биринчи жардам көрсөтүлүп, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.