Кыргыз-өзбек чек арасы: "Блокпост койгон жерге чогулуп барган айыл тургундарын өзбекстандык чек арачылар жолотпой жатышат" дейт жергиликтүү тургун (фото)








"Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолуна блокпост койгон өзбекстандык чек арачыларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургундар өздөрү барышты". Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Падыша-Ата айылынын тургуну Нурсултан Абдрасулов билдирди.
"Өзбекстандык чек арачыларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким бара элек. Айыл тургундары буга аябай тынчсызданышууда. Учурда айылдардан чогулган 30дай киши блокпосттун жанында турат. Бирок куралчан өзбекстандык чек арачылар "жакындабагыла" деп блокпост тарапка эч кимди жолотпой жатат. Жолго блокпост коюп, жолдун чекесин зым тосмолор менен да тосуп коюшуптур",- деди
Н.Абдрасулов.
Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Чек арада жашоо азыр жаза эле.
Ойду тоону айта бербей ажобуз.
Маселени чечип берсе кана эле.
Малсынар деп малга тенеп элимди.
Ушул ажо кыжырымды келтирди.
Андан дагы баягыда балп этип.
Таластыктар эл эмес деп олтурду.
Ажо деген бир аз токтоо болбойбу.
Алжыган соз айтпай эле койбойбу.
Оз элини мал деп турса анан бу.
Айткылачы элибизди ойлойбу?
маселени тез аранын ичинде
чечиши керек.Кайдагы болбогон
нерселерге баштарын орутуп
бишкекте таксист болгон
депутаттар,атка минерлер.
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Провокацияга жол берилбейт! 10 күндөн БАНга!