Кыргыз-өзбек чек арасы: "Блокпост койгон жерге чогулуп барган айыл тургундарын өзбекстандык чек арачылар жолотпой жатышат" дейт жергиликтүү тургун (фото)








"Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолуна блокпост койгон өзбекстандык чек арачыларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургундар өздөрү барышты". Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Падыша-Ата айылынын тургуну Нурсултан Абдрасулов билдирди.
"Өзбекстандык чек арачыларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким бара элек. Айыл тургундары буга аябай тынчсызданышууда. Учурда айылдардан чогулган 30дай киши блокпосттун жанында турат. Бирок куралчан өзбекстандык чек арачылар "жакындабагыла" деп блокпост тарапка эч кимди жолотпой жатат. Жолго блокпост коюп, жолдун чекесин зым тосмолор менен да тосуп коюшуптур",- деди
Н.Абдрасулов.
Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Билебиз военный жактан тен келе албайбыз, бирок деген мындай маселени коркпой чечишип коюш керек. Карапайым эл кыйналып калат мындай иш алып баруу менен.
Россия толтура куралдарды берди го , каякка бекитип койдунар ? Керек болуп жатат биякка .