super.kg logo

Бишкекте 5-11-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча китептер жетишсиз жана окуу программасына туура келбейт

 

Бишкектеги Октябрь районунда 5-11-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча китептер жетишсиз жана окуу программасына туура келбейт. Бул тууралуу маалымат аталган райондун билим берүү уюмдарынын кыргыз тилинен жана адабиятынан окуу китептери жөнүндө анализинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, кыргыз тилинен окуу куралдары 1-2-3-4, 8, 10-11-класстын окуучулары үчүн жетиштүү жана бардык талаптарга шайкеш келип, балдардын арасында окууга болгон кызыгууну арттырат. Ал эми 5-6-7, 9-класстын окуучулары үчүн кыргыз тил китеби эң эле эски, керектен чыккан жана жетишсиз.

Кыргыз адабияты сабагы 5-класстан баштап окутула баштайт. Бул китеп 5-6-7-8, 10-11-класстын окуучулары үчүн окуу программасына туура келбейт. Анткени окуу куралдары 2000, 2003, 2006 жана 2013-жылдарда басылып чыгып, 2014-жылы жаңы кабыл алынган окуу программасына шайкеш келбейт. Бир гана 9-класстын окуучулары үчүн китептердеги чыгармалардын айрымдары бекитилген программага дал келет. "Башка окуу китептери болбогондугуна байланыштуу ушул окуу куралдары менен иш жүргүзүлөт",- деп түшүндүрүлөт маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: