super.kg logo
  Спорт  

Орус футболунун бир кездеги жүзү Андрей Аршавин карьерасын Казакстанда улантат

 

Орусиянын футбол боюнча курамасынын бир кездеги лидери Андрей Аршавин карьерасын Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунда улантат. Казакстандык басылмалар кабарлагандай, футболчу клуб менен 1 жылдык келишим түздү. Келишим дагы 1 жылга узартылышы мүмкүн.

34 жаштагы футболчу буга чейин Орусиянын "Зенит" клубунан "Кубань" клубунун курамына кошулган. Көп өтпөй келишим бузулуп, эки тарап кызматташууну токтоткон.

Кошумчалай кетсек, Аршавин Орусия курамасынын лидери катары 2008-жылы Европа чемпиондугунда өзүн көрсөтүп, курама менен коло медаль уткан. Көп өтпөй ал Англиянын "Арсенал" футболдук клубунда ойноп баштаган. "Арсеналдын" курамында ал испаниялык "Барселонага" 1 гол жана "Ливерпулдун" дарбазасына 1 оюнда 4 гол киргизип, коомчулуктун көңүлүн бурдурган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.03.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бала атактуулукту ошол убактар которо албай калды, озун жакшылап карап жургондо азыркыдан дагы 2 эсе бир топ ийгиликге жетет эле.
18.03.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликке козу тумандап оз оордун убагынан эрте жоготуп алды кайран жигит
18.03.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
россиянын мурунку тренери айткан екен мындай футболисттерди еч жерде коргон емесмин деп. Алар уткан куну ичип майрамдайт екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: