super.kg logo

"Бишкек шаарынын жылуулук борборун жакшыртуу" улуттук долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан 750 адиске өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилди

 

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматында кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча өтүнүч каттар уруксат берүүчү ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан отурумда каралды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Отурумда буга чейин юридикалык жана жеке жактардан түшкөн кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча 57 өтүнүч жана чет элдик жарандардан жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча 13 арыз каралды. Жыйынтыгында 1458 адисти кыргыз жергесинде иштетүүгө жана 13 чет элдик жаранга ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилди. Анын ичинде "Бишкек шаарынын жылуулук борборун жакшыртуу" улуттук долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан 750 адиске өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилди.

Түшкөн кайрылуулардын санына карабастан, аталган комиссия тарабынан жума сайын отурум өткөрүлүшү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.03.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайлыктарды чакырып отура бербей барып чек араны тактабайсынбы эми тундуктон кытайлыктар басып албаса эле силерди лохтугунардан ошондойда болот
18.03.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жактан кытайды киргизип тиги жактан озбекти киргизип эмне кылайын дейсинер, урматту чондор.
18.03.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайларды алгыла кыргыздар озубуз иш таппай чилдей тарап ар кайсы олкодо журо берелик,тимеле Дубайдай жашап баарыбыз байдай иш кылгыбыз келбей жумушчу айдап калган турбайбызбы,айта берсе адамды куйгузосунорда
19.03.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
750 кытай 6 айдан кийин 7500 болот. Байкап тургула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: