Чек ара кызматы: Өзбек чек арачылары блокпост койгонун "үстүдөн ушундай буйрутма болгон" деп түшүндүрүштү




Кыргыз мамлекетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен өзбек чек арачыларынын жолугушуу учурунда алар "үстүдөн ушундай буйрутма болгон" деп билдиришкенин SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн бүгүн, 18-мартта кабарлашты.
Маалым болгондой, өзбек чек арачылары эмне себептен блокпост коюп, текшерүүгө алып жаткандарын өздөрү түшүндүрө алышкан эмес, алар буйрутманы аткарып жаткандыгын баса белгилешкен.
"Кербен - Ала-Бука унаа жолундагы кыргыз чек арасына жооптуу чек арачылар тургузулган. Учурда ал аймакка күчөтүлгөн режим киргизилди. Мамлекеттик деңгээлде бул маселе боюнча расмий түшүндүрүүлөр берилген жок. Кыргыз чек арачылары жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар элдин коопсуздугун сактоо үчүн аталган каттам менен жүрбөй турууга чакырууда", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

"Кыргызстан буюрса оңолот алтындарым"деп жүрүп акыры алакандай мекенибизди жоготуп,жок кылып албасак эле болду
Мен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынан боломун. Ал эми Өзбекстан басып алган жер Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Биздин айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, мал сарайлары бар ал жерде. Ал эми Кербен-Ала-Бука унаа жолу Жалал-Абад облусуна Кубанычбек Жумалиев губернатор юолуп турганда 22 чакырым болуп салынып, Жумалиевдин жолу деп да аталып жүргөн. Ал жолду эмнеге