Чек ара кызматы: Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда








Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Кечээтен бери аталган аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Кечээ аталган аймакка Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткен. Учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Эки өлкөнүн ортосундагы расмий келишимдерге ылайык, такталбаган аймакка аскерлерди киргизүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу кечээ расмий түрдөгү билдирүү жөнөтүлгөн, азырынча ага эч кандай жооп келе элек",- деп билдиришти аталган кызматтан.
Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, 18-март күнү кечке маал өзбекстандык агенттиктердин бири өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен Аксы - Ала-Бука жолунда өзбек жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүү жасаган.

Путинден сабак алыш керек,мына бир Самолётун атып түшүргөнү үчүн 5 секундда чечим чыгарып койду,а бул АША келгенден бери чек ара маселеси чечилбей келет,керек болсо Бакиев убагында да Өзбектер мынчалыка барган эмес!
АША ойлонда отставкага кет,колуңан келбеген нерсеге башыңы оорутпа!
Ыы, мен дагы точно эле ошондойго ойлоп калдым.
Чанкилдап жаагы жабылбаган депутаттардын бири жокко?!! "Каяка качсам" деп ойлонуп атышабы?!!!
Мен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынан боломун. Ал эми Өзбекстан басып алган жер Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Биздин айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, мал сарайлары бар ал жерде. Ал эми Кербен-Ала-Бука унаа жолу Жалал-Абад облусуна Кубанычбек Жумалиев губернатор юолуп турганда 22 чакырым болуп салынып, Жумалиевдин жолу деп да аталып жүргөн. Ал жолду эмнеге