СУПЕРСТАН: "Аксыдагы чек ара кырдаалы толук иликтенмейинче кызуу кандуулукка алдырбоо керек"

Аксы - Ала-Бука жолуна өзбек чек арачыларынын блокпост коюп алышы SUPER.KG порталынын колдонуучулары тарабынан да кызуу талкууланууда. Порталдын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз-өзбек чек ара маселеси" деген тема ачылып, колдонуучулар кырдаал боюнча пикир калтырышууда.
Коңшу өлкөнүн чек арачыларынын такталбаган жерге кирип алышы, аларга кыргыз тараптан жетиштүү чара көрүлбөй жаткандыгы, бийлик өкүлдөрүнө, жалпы кыргыз журтчулугуна кайрылуулар, нааразычылыктар, ошону менен бирге сабырдуулукка чакырган билдирүүлөр жазылууда.
"Бул жерде башка бир нерсе жаткандай... Жок жерден алардын бийлигине күч келдиби, ал жерге киргиле дегидей?! Кызуу кандуулукка алдырбай туруу керек. Кызуу кандуулуктан 2010-жылы кандай кандуу окуя болуп кетти. Маселе толук иликтенмейинче бир тараптуу чечим чыгарбоо керек",- дегендер болууда.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Бийликтеги 120 кой,1 теке ,Атамбай не кылып атышат экен а?
Мен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынан боломун. Ал эми Өзбекстан басып алган жер Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Биздин айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, мал сарайлары бар ал жерде. Ал эми Кербен-Ала-Бука унаа жолу Жалал-Абад облусуна Кубанычбек Жумалиев губернатор юолуп турганда 22 чакырым болуп салынып, Жумалиевдин жолу деп да аталып жүргөн. Ал жолду эмнеге