Бир аптанын ичинде Кыргызстанга чет өлкөдөн 17 миллион 506 миң сомдук гуманитардык жардам келди
Бир аптанын ичинде Кыргызстанга чет өлкөдөн 5 жолу
гуманитардык жардам келген. Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү
министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Белгилүү болгондой, 18-марттан 22-мартка
чейин 17 миллион 506 миң 804 сомдук гуманитардык жардам келип түшкөн. Алардын катарында теннис
жабдыктары, дары-дармектер, жана башка техникалык шаймандар бар. Эскерте кетсек,
аталган министрлик бул гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп,
алардын максатка ылайык колдонулушун көзөмөлгө алат.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

