super.kg logo

Бишкек. Өлкөбүздүн жети облусунун өкүлдөрү Ноорузга карата "Сүмөлөк" фестивалына катышышты (фоторепортаж)

 

Бишкектеги этнокомплекстердин биринде кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына карата "Сүмөлөк" фестивалы башталды. Анда аймактардан келген катышуучулар атайын дасторкон жайып, боорсок бышырышып, келген конокторго ооз тийгизип жатышты.

Маданий иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Дана Абдыбекова "Сүмөлөк" фестивалы тууралуу буларга токтолду:

"Бул фестивалды "Кыргыз даамы" долбоорунун алкагында уюштуруп жатабыз. Республикалык деңгээлде уюштурулуп жаткандыктан, даярдыктарга 2 айдай убакыт кетти. Фестиваль кыргыз жеринде тынчтык, кут-береке болуп, элибиз өнүгүп-өссүн, ынтымак болсун деген максатта өтүп жатат. Өлкөбүздүн 7 облусундагы аймактардан катышуучулар келишип, жалпы 12 казан сүмөлөк бышырылууда. Түнү менен кайнатылып, улуттук оюн-зооктор да өткөрүлөт. Тамактын жаманы болбойт эмеспи, андыктан бул же тиги сүмөлөк жакшы болуптур деп бөлбөйбүз. "Сүмөлөк" фестивалына катышкандарга чакан белектерибиз бар. Баарын жетиштүү деңгээлде сыйлаганга аракет кылабыз".

Фестивалдын катышуучулары, коноктору каалоо-тилектерин жазып жатышты.

Нооруз майрамына карата түрдүү тамакка толгон дасторкон жайылып, келген коноктор даам ооз тийип жатышты.

Өзгөчө сый тамакка айланган "Боз үй" даамы.

Боорсок бышырылды.

Аймактардан келген катышуучулар казан асып, түнү менен сүмөлөк кайнатышты.

Алас, алас, алас! Ар балээден калас...

Ош облусунан келген катышуучулар дасторкон үстүндө конок тосушууда.

Фестивалда ырлар ырдалып, оюндар уюштурулуп, шаан-шөкөт менен коштолду.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да маданий иш-чаранын коногу болуп, элибизде тынчтык, токчулук, өсүп-өнүгүү болсун деп тилек айтып, сүмөлөк аралаштырды.

Оңдон солго: ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер жана саясатчы Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков.

Нооруз майрамында ак элечек, улуттук көйнөгүн кийип келген энелер, чачын беш көкүл кылып өргөн секелек кыздар да болду.

Фестивалдын коногу.

Кичинекей балдар баарынан да селкинчек тебүүгө кызыгышты.






Бишкек. "Сүмөлөк" фестивалы-2

Бишкек. "Сүмөлөк" фестивалы-1

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.03.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде
21.03.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ бул жакта журот го,азыркы бийлик уйдо баатыр жоодо жок турбайбы. ХХХ баш болуп ХХХ экен...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-21 10:41:45
21.03.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
One - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: