super.kg logo

Түркия. "Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар" деп шектелип 5 адам кармалды

 

"Түркиянын Стамбул шаарында 19-мартта орун алган жардырууга тиешеси бар" деп 5 адам кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ИИМинин башчысы Эфкан Алага шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, мындан тышкары шаардын борборунда өзүн өзү жардырган адам Мехмет Озтюрк "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү болгону аныкталды. Ал 1992-жылы Түркиянын Газиантеп шаарында туулганы белгилүү болду.

"Аталган жардыруудан кийин Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы 7 районунда коменданттык саат киргизилген. 20-21-мартта Нооруз майрамына байланыштуу 200 миң полиция кызматкери коомдук тартипти сактайт",- деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 2016-жылдын 19-мартында Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө жардыруу орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Мындан улам 5 адам (алардын бири өзүн өзү жардырган жан кечти) каза тапкан, 36 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.03.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туркияда сериалдагыдай Рустомдордун заманы болуп жатат....Сериалда Сулейман Хюремге башы айланса,азыр Эрдоган байлык менен бийликке башы айланды...Рустомдор жыргады...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: